Францияда Кыргызстандын элчилиги ачылды

Кыргызстандын Франциядагы элчиси Муктар Жумалиев менен Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Континенталдык Европа департаментинин директору Фредерик Мондолони жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө күн тартибиндеги эки тараптуу маселелер, анын ичинде алдыдагы биргелешкен тышкы саясий иш-чаралар талкууланды. Кыргыз тарап Кыргызстандын Франциядагы элчилигин расмий ачылганын маалымдады. Аймактык коопсуздук маселелерине токтолуп, Фредерик Мондолони кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты. Тараптар жакынкы аралыкта эки тараптуу саясий консультацияларды өткөрүүнү макулдашты.