«Футбол, волейбол ойноп». Жапаров Максат айылынын калыбына келтирилген социалдык инфраструктурасы менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта Баткен облусуна иш сапарынын алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде апрель айында болгон окуяларда жабыркаган Максат айылынын калыбына келтирилген социалдык инфраструктурасы менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Садыр Жапаров Максат айылынын социалдык объектилерин — милиция пунктун, фельдшердик-акушердик пунктун, футбол талаасын, ошондой эле оңдолгон мектепти көрүп чыкты. Мындан сырткары, президентке айылдын таза суу менен камсыздалышы, 11 чакырым тилкеде асфальт төшөлгөнү, көчө жарыктарынын орнотулганы, муздак жана ысык суунун киргизилиши жана курулуп жаткан бала бакча тууралуу маалымат берилди. Оңдолгон мектептин футбол талаасын жана спорт залын кароо учурунда мамлекет башчысы чогулган балдар жана айылдын жаштар командасы менен футбол жана волейбол ойноду. Президент ошондой эле жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн маселелерге кызыгып, айыл аксакалдары менен баарлашты.