«Айыл чарба министрлигинин жумушу — нөл»,— деди депутат Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин жыйынында.
«Азыр мынакей мен карап турдум. Аскарбек Сапарбекович 14,5 мүнөт доклад жасап, жомокту айтты. Сиз жакшы билесиз Ханс Кристиан Андерсен деген жазуучу өткөн 18-кылымда. Абдан сонун жомокторду жазган. «Гадкий утёнок», «Дюймовочка», «Русалочка» деген жомокторду жазган. Ошол жомоктордой болду. 30 жыл жомок угуп келе жатабыз. Азыр бир баш кой жок. 1 тоок жок же 1 сотых жер экпейсиңер. Айыл чарба министринин эмне кереги бар? 11 миң 118 киши иштейт экен. Аппаратта 118 киши иштейт экен. Эмне кереги бар?» — деди ал.
Буга Акылбек Жапаров «Ошол Ханс Кристиан Андерсен айткандай «Гадкий утёнок» ак куу болуп калабы деп болгон акчанын баарын берип жатабыз» деп жооп берди.