Президенттин маалымат катчысы Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына катышат деген маалыматты төгүндөдү

Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин жыйыны өтмөк. Бирок парламенттин басма сөз кызматынан кезексиз жыйын 17-майда өтөрүн кабарлашкане. Ошол эле учурда жергиликтүү маалымат каражаттары 17-майдагы жыйынды президент Садыр Жапаров демилгелеп чакырганы айтылып жатканын, ал күнү мамлекет башчы депутаттардын алдында билдирүү жасарын, жыйында «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча маселе караларын жазып чыгышты.

Бул боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек менен байланышты. Ал бул маалыматты төгүндөдү. «Президенттин 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынына барып сөз сүйлөйт» деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деди ал.