Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ЖМКларга президент Садыр Жапаров уу-коргошун боюнча бүгүн, 26-апрелде интервью берерин айткан эле. Бирок бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек төгүндөдү. Анын айтымында, президенттин планында мындай иш-чара жок.
«Президенттин планында мындай иш-чара жок. Ал киши эмнеге мындай деп айтты билбейм. Муну дагы тактоого аракет кылайын», — деди ал.
Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев Садыр Жапаров менен кечээ сүйлөшкөнүн, президент уу-коргошун боюнча элге эртең түшүндүрүп берерин айткан.
«Кечээ президент экөөбүз сүйлөшкөндө уу-коргошун боюнча элге өзүм түшүндүрүп берем деген. Президент өзү түшүндүрүп берсин. Иш-чара качан, каякта болот билбейм. Бирок бүгүн берет», — деди ал.