Галина Байтерек: «Фейсбук менен Инстаграмдагы постун президент өзү өчүрдү»

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Фейсбук жана Инстаграмдан Садыр Жапаровдун уу-коргошун тууралуу постунун жоголуп кетиши тууралуу 24.kg агенттигине комментарий берди. Буга чейин  «Азаттык» Фейсбуктун басма сөз кызматы менен байланышып, Садыр Жапаровдун билдирүүсүн соцтармак модераторлору өчүргөнү тууралуу жооп алышкан.

«Биз бул постту алып салдык. Себеби биз эч бир адамдын, анын ичинде шайланып келген расмий жетекчилердин адамга түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербейбиз«, — деп билдиришкен Фейсбук компаниясынын басма сөз кызматынан.

Садыр Жапаровдун Инстаграмдагы дал ушундай посту да жоголгон. Бирок Галина Байтерек президенттин уу-коргошун тууралуу соцтармактарда жазган билдирүүсүнүн өчүрүлүшүнө сырттан кийлигишүү болбогонун билдирди.

Аталган билдирүүлөр өз демилгеси менен, сырттан эч кимдин кийлигишүүсү жок өчүрүлдү. Муну менен катар эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан бул багытта илимий-изилдөө иштери улана берет.

                                                                                                                                  Галина Байтерек

Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде уу-коргошун окуясынан улам депутаттар саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү.