Галина Байтерек: "Телеграмдагы Садыр Жапаров деген каналдын президентке тиешеси жок"
Телеграмдагы Садыр Жапаров деген телеграм-каналдын президент Садыр Жапаровго тиешеси жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, ал телеграм-каналды президент мурда кызматка келе электе колдончу.
"Негизинен эле Садыр Жапаровдун күйөрмандары тарабынан ачылган көп каналдар бар. Ал эми маалыматтар тараган телеграм-каналды президент буга чейин колдончу. Кызматка келгенден кийин бул канал бир жигитте калган. Учурда ал жигит чектен ашкан маалыматтарды таратып жатат. Бул боюнча бүгүн президент менен сүйлөшөбүз", - деди ал.
Дал ошол телеграм-каналга кечээ "Кыргызстандын бузукулары кимдер?", "Жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясы кымбаттады", "Эл бузарларга алданбаңыздар" деген маалыматтар жарыяланган болчу.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/04/photo5201675913874485999.jpg" alt="" width="700" height="700" />
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/04/photo5201675913874485998.jpg" alt="" width="700" height="700" />
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/04/photo_2021-04-25_20-20-00-612x720.jpg" alt="" width="700" height="823" />
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/04/photo_2021-04-25_20-19-47-611x720.jpg" alt="" width="700" height="825" />
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/04/photo5201675913874486001.jpg" alt="" width="700" height="823" />