Гимнди өзгөртүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Ага сегиз депутат кирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында бүгүн, 12-декабрда белгилүү болду.
Алар Бактыбек Марипов, Азамат Исраилов, Аккулу Бердиев, Винера Раимбачаева, Кубанычбек Самаков, Саидбек Зулпуев, Советбек Рустамбек уулу жана Айбек Маткеримов.
Министрлер кабинети тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия жаңы гимндин үч вариантын сунуштайт. Андан кийин Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгышы керек.