Грузиянын экс-президенти Саакашвили Жапаровго жардам берүүгө даяр

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили жетектеген Кыргыз өлкөсүндөгү «Жөнөкөй чечимдер  жана натыйжалар» деп аталган кеңсеси өз концепцияларын жана реформаларын иштеп чыккан жолдорун берүүгө даяр. Бул тууралуу эксперт Жапар Үсөнов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Мааламатка ылайык, Жапар Үсөнов «Жөнөкөй чечимдер жана натыйжалар» кеңсесинин Кыргыз мамлекетиндеги өкүлү. Ал өзүнүн кайрылуусунда мекеменин башкармалыгы Михаил Саакашвили иштеп чыккан концепцияларын президент Садыр Жапаровго берүү менен гана чектелбестен, башка көйгөйлөрдүн да жөнөкөй чечүү жолдорун таап, камсыз кылууга даяр экенин жазып чыккан.