Гүлжигит Исаков: «Биздин ички саясаттагы туруксуздук — коңшу өлкөлөрдүн жерлерибизди тартып алууга мүмкүнчүлүгү»

Биздин ички саясаттагы туруксуздук — коңшу өлкөлөрдүн бизден жерлерибизди тартып алууга мүмкүнчүлүгү. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта активист Гүлжигит Исаков СуперТВ телеканалындагы “Саясий коктейль” берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Биз менен чек арасы тактала элек өлкөлөргө ошол эле Өзбекстан, Тажикстанга биздин жерлерибизди алууга ыңгайлуу учур тузүлүп жатат. Анткени биздин ички саясатта туруксуздук болуп жатат. Муну биздин делегациянын Өзбекстанга барган учурунда байкадык. Алар айтып жатат «Үңкүр-Тоону талашпай турган болдук» деп. Ал жер бизге таандык экени маалым. Биздин жерибизди кошуна өлкөлөр кайра бизге бере албайт да»,- деди ал.

Анын айтымында, чек ара маселесин көтөрүүдө делегация сөздү СССР учурунан башташ керек болчу.

«Сүйлөшүүлөрдө ар дайым сөздү ары жактан башташыбыз керек. Анткени СССР учурунда биз аларга жерлерибизди берип койгонбуз. Бирок биротоло эмес ижарага, убактылуу бергенбиз. Сөздү ошол жактан башташ керек. Качан кайтарасыздар деп. Ал сөздөр тилекке каршы айтылбагандай»,- деди активист.

Маекти шилтемеден табасыз.