Чек ара боюнча маселе каралган жерге Камчыбек Ташиев чек арага жооптуу жетекчи катары барышы керек болчу. Бирок барбай калганында бир мандем бар. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта жарандык активист Гүлжигит Исаков СуперТВ телеканалындагы “Саясий коктейль” берүүсүндөгү маегинде билдирди.
Анын айтымында, Камбар-Ата ГЭСин курууга Өзбекстанды орток кылсак, колдогу рычагды алдырган болобуз. «Кечээ Садыр Жапаров өзү айтып чыкты. “Биз Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстан менен чогуу кура турган болдук” деди. Бул биздин экономикабызга кооптуу боло турган келишим. 3 жылда салабыз деп жатат. Бизде азыр чоң “рычаг” бар. Суунун башында турган өлкөлөрдүн сөзү өтүмдүүрөөк. Демек, биз өзбектерге бир да сөз сүйлөй албай калабыз. Бул да маселе жаратышы мүмкүн”, — деди ал.
Маекти шилтемеден табасыз.