Гүлжигит Исаков: «Чек ара маселеси чечилчү жерге Ташиевдин барбай калганында бир мандем бар»

Чек ара боюнча маселе каралган жерге Камчыбек Ташиев чек арага жооптуу жетекчи катары барышы керек болчу. Бирок барбай калганында бир мандем бар. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта жарандык активист Гүлжигит Исаков СуперТВ телеканалындагы “Саясий коктейль” берүүсүндөгү маегинде билдирди.

Анын айтымында, Камбар-Ата ГЭСин курууга Өзбекстанды орток кылсак, колдогу рычагды алдырган болобуз. «Кечээ Садыр Жапаров өзү айтып чыкты. “Биз Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстан менен чогуу кура турган болдук” деди. Бул биздин экономикабызга кооптуу боло турган келишим. 3 жылда салабыз деп жатат. Бизде азыр чоң “рычаг” бар. Суунун башында турган өлкөлөрдүн сөзү өтүмдүүрөөк. Демек, биз өзбектерге бир да сөз сүйлөй албай калабыз. Бул да маселе жаратышы мүмкүн”, — деди ал.

Маекти шилтемеден табасыз.