Гүлжигит Исаков: «Өзбек тарап өз жоопкерчилигин билет. Бизди алаксытуу үчүн кошумча жерлерибизди талашып жатышат»

Өзбек тарап өз жоопкерчилигин билет. Бизди алаксытуу үчүн кошумча жерлерибизди талашып жатышат. Мындай пиркирди бүгүн, 18-мартта жарандык активист Гүлжигит Исаков СуперТВ телеканалындагы “Саясий коктейль” берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Өзбек тараптын биздин кошумча жерлерибизди талашып жатканы — негизги маселеден көңүлдү башка жакка буруу. Мисалы, бул биздин ижарага берип койгон жерлерди эске салбаш үчүн тактика. Мисалы Бекабадды кайра кайтарууну кеп кылышпасын деп. Мамлекеттик саясат ырааттуу болушу керек. Ар бир келген эле жетекчи мурдагы сүйлөшүүлөрдү эске албай өзүм билемдик кылбаш керек”, — деди ал.

Анын айтымында, Өзбекстанда системдүү мамиле бар. “Мисалы, коңшуларда системдик мамиле бар. Буга чейин Ислам Каримовдун түз саясаты болуп келди. Ырааттуу, системдүү, бир багытуу саясат жүргүздү. Бул президент Шавкат Мирзийоев деле ошол системаны улантты. Ал үстүртөн сүйлөй бербейт. Журналисттерге маек берип жатканда да факты менен так-так сүйлөйт”, — деди.

Маекти шилтемеден табасыз.