Гүлнара Баатырова эмгек министри кызматынан бошотулат. Ордуна ким келет?

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесинин негизинде эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Баатырова Гүлнара Маришовна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Дагы бир кол коюлган Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Полотова Жылдыз Арстанбековна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Жылдыз Полотованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.