Гүлнара Баатырова Эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Гүлнара Баатырова буга чейин Саламаттыкты сактоо министри болуп иштеп келген.