Гүлнара Баатырова саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды. Президент кол койду

Гүлнара Баатырова саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

«Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Баатырова Гүлнара Маришовна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп,  Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.