Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Армениядагы элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат ишин айкалыштыруу боюнча Москва шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Армениядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.