Бакиевдин экс-пресс катчысы Орусияга элчи болуп дайындалды

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана  ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Жогорку Кеңеш Тышкы иштер министрлигинен «Ата Мекен» фракциясынын учурдагы депутаты Гүлнара-Клара Саматты Орусиядагы элчи кызматына сунуштап жаткандыгы тууралуу документтерди алган болчу.

Ал 2006-жылы Кыргызстандын президентинин пресс-катчысы болуп эмгектен.