«Гүлшат Асылбаеванын мыйзамы» деп атыккан документ боюнча депутат Бекешев Конституциялык сотко кайрылды

«Гүлшат Асылбаеванын мыйзамы» деп атыккан документ боюнча депутат Дастан Бекешев Конституциялык сотко кайрылды. Бул тууралуу ал өзү соцтармактагы баракчасына жазды.

«Жардамчым менен биргеликте «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамын конституциялык эмес деп таануу тууралуу өтүнүч менен Конституциялык сотко кайрылдык. Бул Баш мыйзамга каршы келген мыйзам. Бирок чай ичүүлөрдөн кийин аны депутаттар колдоп беришкен», — деп жазган Бекешев.

Экс-депутат Гүлшат Асылбаева автор болгон мыйзамга президент Садыр Жапаров өткөн жылдын август айында кол койгон. Документтин кабыл алынганына жарым жылдан ашса да, аны ишке ашыруу жол-жобосу дагы деле так эмес.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ушул жылдын февраль айында мыйзамды ишке ашыруу боюнча токтомдун долбоорун иштеп чыккан. Публикацияны анык эмес (жалган) деп эсептеген жаран биринчи сайттын ээсине же анын соцтармактагы баракчасына чыккан маалыматты өчүрүү суранычы менен кайрыла алат. Эгерде бул сураныч 24 сааттын ичинде аткарылбаса, арыздануучу сайтты убактылуу жабуу тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине өтүнүч берет. Он иш күнүнүн ичинде министрлик интернет-провайдерге сайттын ишин токтотуу тууралуу буйрук жөнөтөт. Ал катты алган провайдер он иш күнүнүн ичинде сайттын ишин токтотот жана мамлекеттик органга аткарылганы тууралуу дароо кабарлашат.