«Хуйман», «Акваварк», «Евроланг». Депутат менен министрдин лабораториялар боюнча сүйлөшүүсү (видео)

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө. Жыйында депутат Өмүрбек Бакиров менен саламаттыкты сактоо министри Кыргызстандагы лабораториялар жөнүндө сүйлөшүштү.

Эл өкүлү Кыргызстандагы лабораториялардын санына кызыкты. «Биздин ар бир ооруканада лабораториялар бар. ПЦР-тест боюнча айтсаңыз, 14 лаборатория иштеп жатат», — деди министр.

Депутат: Жеке менчик лабораториялар?

Министр: 4 лабораторияга уруксат бергенбиз. 

Депутат: Кайсылар?

Министр: «Бонецкий», «Акваварк» (туурасы «Аквалаб»), «Евроланг» (туурасы «Евролаб»). Буларда санитардык шарттар бар болгону үчүн уруксат бергенбиз.

Депутат: Мисалы «Хуйман» (туурасы «Хьюман») дегени бар. Туурабы?

Министр: «Гуман» жана башкаларга ПЦР-анализ алууга уруксат бербейбиз.