Ички авиакаттамдардын баасы арзандайбы? Төрөбаев кеңешме өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ички авиакаттамдардын баасын төмөндөтүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Төрөбаев белгилегендей, Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы авиакомпаниялар жана башка кызыкдар тараптар менен биргеликте авиабилеттердин кымбатташына жол бербөө үчүн иш алып баруусу зарыл. Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы авиакомпаниялардын өкүлдөрү, агенттер (авиакассалардын өкүлдөрү) менен авиабилеттерге болгон баанын авиакомпаниялардын белгиленген пайыздык ставкаларынан жогору көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча иш алып баруусу зарыл. Авиабилеттердин баасы негизсиз жогорулатылган учурда жооптуу түзүмдөргө керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында мыйзам чегинде чара көрүү тапшырылды. Ошондой эле тиешелүү ведомстволорго бааларды турукташтыруу,  ички жана эл аралык авиакаттамдарга баалардын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча тиешелүү механизмдерди иштеп чыгуусу тапшырылды.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине авиакомпаниялар менен биргеликте Баткен жана Раззаков шаарларына каттамдарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды. «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомуна тейлөө сапатын жогорулатуу максатында Жалал-Абад шаарындагы аэропорттун кызматкерлеринин штаттык санын көбөйтүү тапшырылды.