ИИМ айрым депутаттардын жана активисттердин телефондорун тыңшоону токтоткон

Бүгүнкү күндө депутаттардын телефон сүйлөшүүлөрү тыңшалбай эле. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда жыйында Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожоев билдирди.

Анын айтымында, айрым депутаттардын жана активисттердин телефондорун тыңшоо 6-январдан 10-февралга чейин Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн.

Депутат Аманкул Токтомамбетов «депутаттардын телефону тыңшалып жатканда Кыргызстандын жараны катары тыңшоого алындыбы же Жогорку Кеңештин депутаты катарыбы?» деген суроо узатты. Буга Аширхожаев бул маселени тактоо керек экенин билдирди.