Abank
SerepTV Logo

ИИМ: "Кыргызстандын аймагына Түркиянын атайын кызматы келген эмес"

ИИМ: "Кыргызстандын аймагына Түркиянын атайын кызматы келген эмес"
Бөлөк өлкөнүн атайын кызматы Кыргызстандын уруксаты жок, Кыргызстандын мыйзамын бузуу менен Кыргызстандын аймагында атайын операция өткөргөндүгүнө кандай баа беребиз. Мындай суроону бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев узатты. "Түркиянын атайын кызматы келип операция жүргүзгөн эмес", - деди ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков. "Эрдоган айтпадыбы, биздин атайын кызмат барып, алып келди дебедиби. Эми кантип Эрдоганга ишенбейбиз?!" - деди эл өкүлү. "Мен айтып коёюн, башка өлкөнүн кызматкерлери келсе, биз сөзсүз түрдө билебиз. Бирок ал жерде эч кандай атайын кызмат иштеген жок", - деди министр. 1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/sapattyn-prezidenti-orhan-inan-daiynsyz-bolup-jatat/">дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sayasat/koopsuzduk-keneshinin-katchylygynda-kyrgyzstandyn-jarany-orhan-inandyga-bailanyshtuu-kyrdaal-boyuncha-kezektegi-ykcham-keneshme-otty/">өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sayasat/tyrk-prezidenti-daiynsyz-jogolgon-orhan-inandy-tyrkiyada-karmalyp-turgandygyn-achyktady/">салды.