ИИМ: «Кыргызстандын аймагына Түркиянын атайын кызматы келген эмес»

Бөлөк өлкөнүн атайын кызматы Кыргызстандын уруксаты жок, Кыргызстандын мыйзамын бузуу менен Кыргызстандын аймагында атайын операция өткөргөндүгүнө кандай баа беребиз. Мындай суроону бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев узатты.

«Түркиянын атайын кызматы келип операция жүргүзгөн эмес», — деди ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков.

«Эрдоган айтпадыбы, биздин атайын кызмат барып, алып келди дебедиби. Эми кантип Эрдоганга ишенбейбиз?!» — деди эл өкүлү.

«Мен айтып коёюн, башка өлкөнүн кызматкерлери келсе, биз сөзсүз түрдө билебиз. Бирок ал жерде эч кандай атайын кызмат иштеген жок», — деди министр.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.