ИИМ: «Шайлоо боюнча түшүп жаткан арыздардын көбү тастыкталган жок»

Ички иштер министрлиги административдик ресурстун колдонулушу тууралуу 32 арыз түшкөнүн, бирок анын көбү тастыктала электигин маалымдады. Бул тууралуу маалымат жыйында аталган министрликтин башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.

Анын айтымында, бир арыз добуш берүүгө тоскоолдук жаратуу, 13ү добушту сатып алуу, 32си административдик ресурсту колдонуу тууралуу келип түшкөн. “Үч факты боюнча териштирүү жүрүп жатат. Ал эми калганы тастыкталган жок”, — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле ал буга чейинки парламенттик шайлоого салыштырмалуу даттануулар алты эсеге аз экенин кошумчалады.