«Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын мурдагы жетекчиси Орозбек Опумбаевге кылмыш иши козголгонбу?» деп депутат Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин эки комитетинин биргелешкен жыйынында суроо салды.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Октябрь окуясы боюнча кылмыш иши козголгонун айтты. «Ички иштер министрлиги Опумбаев менен Жунушалиевге кылмыш ишин козгогон эмес», — деди ал. УКМК менен Башкы прокуратура да кылмыш иши козголбогонун айтты.
«Демек, Опумбаев менен Жунушалиевге эч кандай иш жок болсо, анда алар таза, эртең Ленин шайлоо округу боюнча шайлоого документтерин тапшырса болобу?», – деп сурады Коргонбай уулу.
Зулушев эгер жаранга карата соттун чечими болбосо, эч ким эч кимди чектей албай турганын айтты.