Икрамов: «Сабак учурунда окуучуларга уюлдук телефонду колдонууга тыюу салуу керек болуп жатат»

«Сабак учурунда мектеп окуучуларына уюлдук телефонду колдонууга тыюу салуу керек болуп жатат». Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

«Уюлдук телефон балдарга деле зыян. Балдардын бири-бири менен сүйлөшүүсү, достошуусу да жоголду. Мектепте ар кандай роликти тарткан окуялар да болуп жатат. Ушул боюнча чечим чыгарып, Министрлер кабинетине тапшырма берсек», — деди эл өкүлү.