Иманалиев: «Элге жек көрүндү болуу үчүн Бакиевге 3 ай керек болгон. Буларга 1 ай жетти»

«Элге жек көрүндү болуу үчүн Курманбек Бакиевге 3 ай керек болгон. Буларга 1 ай жетти». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, 1 ай ичинде алар бийликти бөлүштүрүп бүтүп, эми байлыкты бөлүштүрүүгө киришти.

Бишкек шаарында бүгүн, 22-ноябрда Баш мыйзамдын жаңы долборуна каршы жөө жүрүш өтүп жатат. Анын уюштуруучусу жарандык активист Улан Үсөйүн. Жөө жүрүшкө элге таанылгандардан Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Жанар Акаев, алпаруучу Эркин Нурбаев, мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев катышып жатат.