Инаугурация качан өтөт? БШКнын жообу

Инаугурация шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин бир айдын ичинде өтүшү керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, добуштар кол менен эсептелгенден кийин жана соттук талаш-тартыштар болуп калса, чечилгенден кийин жыйынтык чыгарылат.

Кечээ, 10-январда Кыргыз өлкөсүнүн президентин тандоо үчүн шайлоо орун алды. Алдын-ала жыйынтык боюнча 17 талапкердин ичинен Садыр Жапаров 79,14 пайыз менен алдыда келе жатат.