Индиянын премьер-министри Нарендра Монди Садыр Жапаровду куттуктады

Индиянын премьер-министри Нарендра Монди Садыр Жапаровду президент болуп расмий шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Индиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

«Улуу урматтуу мырза, Кыргызстандын Президенттигине шайланууңуз менен чын жүрөктөн куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду билдирүү мага зор кубаныч тартуулайт. Индия-Кыргызстан стратегиялык өнөктөштүгү жалпы демократиялык баалуулуктар, тарыхий жана маданий байланыштарга негизделген. Эки тараптуу мамилелерибизди мындан ары да тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн сиз менен тыгыз иштешүүгө үмүттөнөм. Убакыттан пайдаланып, сизде чың ден-соолук, жана кыргыз калкына бейкутчулук каалайм”, — деп жазылат куттуктоодо.