Инспектордун огунан каза болгон айдоочу. Депутат маалымат катчы да жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептейт

Бүгүн парламент жыйынында депутат Акылбек Кемелов Чыңгыз Абдыраевдин инспектор тарабынан өлтүрүлүшү тууралуу жалган маалымат таратканы үчүн Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматын жоопко тартууну талап кылды.

Анын айтымында, жол эрежесин бузган айдоочу террорчу эмес. «Басма сөз кызмат патрулчу куралын талашканда ок чыгарганын айтып, айдоочу өзү күнөөлүү деген маалымат берди. Андан кийин бул кабар четке кагылды. Видеодо куралды эч ким талашпаганы көрсөтүлгөн. Болгону тапанчасын алып чыгып, айдоочуга ок атты. Кызматкерлер чыдамкайлыкка ээ болушу керек. Маалымат кызматы эрте, такталбаган маалымат таратты. Басма сөз кызматы да жооп бериши керек. Бул оюнчук эмес да», — деди депутат. 

27-августта Бишкек шаарында Чыңгыз Абдыраев аттуу 32 жаштагы айдоочу милиция кызматкери аткан октон каза болгон. Адегенде шаардык милиция бул окуяда маркумду күнөөлөгөн, кийин видео тарап кеткен соң, башка маалымат таратышкан. Ок чыгарган милиция кызматкери УКМКнын СИЗОсуна киргизилгени маалым. Бул окуя коомчулукта резонанс жараткан.