IRI саясатчылардын рейтингин жарыялады. Ташиев алдыдабы же Жапаровбу?

Эл аралык республикалык институт (IRI) жаңы сурамжылоонун жыйынтыктарын жарыялады. Анда элдин саясатчыларга болгон ишениминин деңгээли тууралуу маалыматтар берилген.

Изилдөө 6-июлдан 16-июлга чейин жүргүзүлгөн, анда өлкөнүн бардык региондорунан 1211 респондент суралган. Сурамжылоонун блокторунун бири демократияга жана жарандардын саясатка болгон кызыгуусуна байланыштуу болгон.

Саясатчыларга болгон ишенимдин деңгээли боюнча биринчи орунда президент Садыр Жапаров, экинчи орунда Камчыбек Ташиев турган. Алар башкалардан чоң айырма менен алдыга чыгышкан. Үчүнчү орунда мурдагы маданият министри Нуржигит Кадырбеков. Төртүнчү жана бешинчи орундарды Адахан Мадумаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов ээледи.

Сооронбай Жээнбеков 1% добуш менен эң төмөнкү позицияда турат, анын алдында Мыктыбек Арстанбеков турат.