Ирина Карамушкина: «Ар бир бюллетень баарыбызга көрсөтүлүп саналышы керек»

Биз бул жерде элибизди, чындыкты жана адилеттүүлүктү коргоп жатабыз. Бул тууралуу БШКнын алдына чогулгандардын бири «Социал-демократтар» партиясынан депутаттыкка талапкер Ирина Карамушкина айтып чыкты.

«Мен бул жерде айтылып жаткандарга кошулам, элдик штаб түзүлүшү керек. Менин оюмча телеканал аркылуу бардыгыбызга көрсөтүп саналышы керек. Бул өтө деле коркунучтуу эмес, анткени 30 пайыз гана шайлоочу келди. Ар бир бюллетенди санаш керек. Алар эмнеден коркуп жатат? Сандары бири бирине дал келбей калышы мүмкүн. Бул баш оорутма бийликке эмне кереги бар эле. Алар эмнеге ишеништи? Бул кылгандары күнөө. Булар шек санатып жатат»,— деди ал.