Исаев, Иманалиев, Мадумаров, Сооронкулова бириккенин жарыялашты. Бирок бир шарт бар

Бүгүн, 29-декабрда президенттикке талапкерлер Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев, Адахан Мадумаров жана Клара Сооронкулова бириккенин жарыялашты. Бирок төртөөнүн ичинен кимиси бирдиктүү талапкер болорун айтышкан жок жана шайлоо экинчи турга өтүп кетсе, анда бир талапкерди көрсөтүшөрүн билдиришти. «Жаңы жылдан кийин шайлоочулар менен жолугушууларды чогуу өткөрүп баштайбыз. Биригүү эртерээк да болуп калышы ыктымал», — деди Мадумаров.

Биригүүгө белгилүү бир топко каршы туруу себеп болгонун кошумчалашты. Ошондой эле алар кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.