Исаев менен Мадумаров шайлоону жылдыруу керек дешет. Эмне үчүн?

Кечээ, 7-январда президенттикке талапкер Канатбек Исаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жарыялады. Ал Жогорку Кеңешке, БШКга, Башкы прокуратурага жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жолдонгон. Аяк жагына Исаевден тышкары дагы бир президенттикке талапкер Адахан Мадумаров кол койгон.

Кайрылууда мындай деп жазылат: “Жакынкы күндөрү БШКда чектен чыккан окуя орун алды. 6-январда шайлоо жана референдумга даярдануунун алкагында, мыйзамсыз түрдө БШК кызматкерлери менен УКМК кызматкерлеринин катышуусунда добуштарды автоматтык түрдө саноочу урналарды текшерүү иштери жүргүзүлгөн. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин талапкер Садыр Жапаровдун шайлоодо утуп чыгышына кызыкдар экенин эске алып, БШКда орун алган текшерүүнү мыйзамсыз деп табууну талап кылабыз. Ал урналарды текшерүүдө президенттикке талапкерлер, көз карандысыз эксперттер катышуусу керек болчу”.

Ушул эле кайрылууда акыркы учурда талапкерлердин бири башка мамлекеттин тыңчысы деген кооптуу маалыматтар таркап жатканы айтылат. “Бул маалыматты тактоо жана текшерүү үчүн тез арада комиссия түзүлүшү керек! Комиссияга маалыматты текшерүүгө 10 күн убакыт берилип, бул убакыт аралыгында шайлоо 10 күнгө жылдырылып турушу керек деп эсептейбиз”, — дешет Канатбек Исаев менен Адахан Мадумаров.