Исаев президенттик жарыштан чыктыбы? Талапкердин жообу

Президенттикке талапкерлердин бири Канатбек Исаев өзүнө байланыштуу “ага кысым көрсөтүлүп жаткан имиш, сүйлөшүп алыптыр, шайлоого катышпайт экен, штабын таратыптыр” деген өңдүү кептерге комментарий берди.

Анын айтымында, бул сөздөрдүн баары калп жана ал үгүт иштерин улантып, Нарын облусуна жолго чыкканы жатат.

Президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Учурда 18 талапкер катышып жатат.