Исаев спикерликтен шыпырылабы?

Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаевге ишеним көрсөтпөө боюнча кол чогултулуп жатат. Айрым маалыматтарга караганда, спикерликти депутат Талант Мамытов мээлжеп турат.

Канат Исаев өзүнө ишеним көрсөтпөө тууралуу демилге боюнча так маалыматы жоктугун журналисттерге айтты. Төрагага ишеним көрсөтпөө үчүн жана жаңы спикерди шайлоо үчүн да 80ден кем эмес добуш керек.

Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп 13-октябрда шайланган. Эки күндөн кийин Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан отставкага кеткен. Мыйзам боюнча мындай учурда президенттин милдетин спикер аткарат, бирок Исаев баш тартканы үчүн кош бийлик Садыр Жапаровго берилген.

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышарын жана декабрь айынын башында өлкө башчынын милдетин аткаруучулукту тапшырып берерин билдирген. Коомчулукта “эгерде Садыр Жапаров шайлоого барса, анда президенттин милдетин ким аткарат?” деген суроо талкууланып жаткан эле.