Исаев спикерликтин креслосун баары бир бошотуп берди

Канат Исаевди “Кыргызстан” партиясы президенттикке талапкер кылып көрсөттү. Жакынкы күндөрү ал шайлоого катыша тургандыгын БШКга билдирет. Ошондой эле Исаев бүгүн, 4-октябрда мөөнөтүнөн мурда парламенттеги спикерлик кызматынан отставкага кетти. Мыйзамга ылайык, президенттикке ат салышкан талапкер Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин кошо аткара албайт.

Өткөн аптада парламентте Канат Исаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн кол чогултулуп жатканы айтылган эле. Исаев эгерде спикерликтен кетсе, анда анын ордун Талант Мамытов ээлери да сөз болгон. Мамытов өз учурунда президенттик шайлоого катыша турган жар салган Садыр Жапаровдун жакын адамдарынын бири. Президенттик шайлоого катыша турганын “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров да билдирген.