Исхак Масалиев: «Айлыкты көтөрүп жатат, бул жакшы. Бирок ушундай кымбатчылыкта көтөрбөй эле көрчү?!»

Айлыкты көтөрүп жатат, бул жакшы. Бирок ушундай кымбатчылыкта көтөрбөй эле көрчү?! Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде депутат Исхак Масалиев билдирди.

«Ун кымбаттады, эт кымбаттады. Эмгек кымбаттады, баары кымбаттап жатат. Ушул менен салыштырганда, жөнөкөй эле эсептейли, 2013-жылы мен айлыгыма канча килограмм ун, канча эт алат элем, азыркы айлыгыма канча алам? Ошондо эле билинип калат», — деди ал.