Исхак Масалиев Акылбек Жапаровго: «Эч жерде мен да, Адахан да алтын уурдоо тууралуу сүйлөгөн эмеспиз»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип жатып, уурдалды делген 19 тонна алтын тууралуу маалымат берген.

«Мындай жоопкерчиликсиз сөздү Адахан Мадумаров айтып чыкканы эсимде. Ошол замат эле президентибиз «Депутаттык комиссия түзгүлө. Башына Мадумаровдун өзүн койгула. Барып текшерип келип, жыйынтыгын элге жарыяласын» деген сунушун киргизген. Комиссия түзүлгөн. Бирок Мадумаров комиссиянын башына туруштан баш тарткан. Андан кийин Исхак Масалиевди коюшкан. Кийинчерээк ал дагы баш тартты. Андан кийин Арсланбек Маалиевди коюшту. Ошондон кийин барып текшерип көрүшүп, бир грамм алтын уурдалбасына көздөрү жетти», — деген эле.

Буга депутат Исхак Масалиев жооп жазды. «Парламенттин чечими менен бардык фракция лидерлери комиссиянын курамынан чыгарылган, мен жеке себептерден улам төрагалык кылуудан баш тарттым. Бирок мен комитеттемин. Эч качан, эч жерде мен да, Адахан да алтын уурдоо тууралуу сүйлөгөн эмеспиз. Экологияга келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылуу керектигин, кендин мамлекетке өткөнү жакшы экенин дайыма эскертип келем. Айта кетсек, 2021-жылдын биринчи жарымында дагы 19 тонна алтын сатылган. Бул мурунку өкмөттүн резерви. Бирок бул нормалдуу процесс. Кыязы, ал келишим тууралуу бирөө айтты окшойт, аны «жаңылыш» бизге жабыштырасың. Акыл (сен дейин, анткени менден кичүүсүң), кээде маалыматты текшерип тур, антпесе жаш курак дагы мындай «ката кетирүүгө» жол бербейт», — деп жазды ал.