Исхак Масалиев алтын чуусу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагалыгынан баш тартканы маалым болду

Бүгүн, 30-ноябрда Исхак Масалиевдин «Кумтөрдөгү» алтын чуусу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагалыгынан ден соолугуна байланыштуу баш тартканы маалым болду. Бул тууралуу жыйында спикер Нурланбек Шакиев билдирди.

«Мага жума күнү Исхак Масалиевден кат келди. Анда ден соолугуна байланыштуу баш тартканы жазылыптыр. Түзүлгөн комиссия отурум өткөрүп, ушул ишти алдыга жылдырышы керек. Комиссия ишин баштай элек», — деди ал.