Исхак Масалиев Бакыт Асанбаевдин өлүмү боюнча: «Комиссия эмес, кылмыш иши козголушу керек»

10-июнда ооруканада эсине келбей саясат таануучу Марат Казакпаев каза болду. Ал бир күн мурда УКМКнын тергөө абагынан бейтапканага жеткирилген болчу. 18-июнга караган түнү «Айыл банктын» мурдагы бөлүм башчысы Бакыт Асанбаев кармалган камерасында асынган абалда табылды. Буга байланыштуу депутаттарга «Бир аптанын ичинде УКМКнын тергөө абагында эки өлүм катталды. Мындай окуя биринчи жолу орун алып отурат. Буга ким жооп бериши керек» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Исхак Масалиевдин айтымында, буга СИЗОнун кызматкерлери жооп бериши керек. Ал эми жетекчиси моралдык-административдик жактан жооп бериши мүмкүн. «Тергөөчүнү да карап көрүү зарыл. Тергөө учурунда мүмкүн аны дарылоого жөнөтүү керек болчу жана тиги жигиттин акыбалын карап туруш керек болчу да. Мен СИЗОдо эки жума жаткам. Ал жакты билем. Күнүгө доктур келип текшерип, карайт. Банкирди кантип эле камерада чогулгандар байкабай калат. Комиссия эмес, кылмыш иши козголушу керек», — деди ал.