Исхак Масалиев: «Бир сантиметрди бербейбиз деп, миң гектарлап берип жатасыңар»

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев социалдык тармактагы баракчасында билдирүү калтырды.

«Коңшулар каалаганын аскер күчү менен алмак деген жаңы “аргументтер” пайда болду. Бул кошуна мамлекетти, анын жетекчилигин сыйлабагандык! Өзбекстандын жетекчилиги достукка болгон умтулуусун эки жолу көрсөттү (1990 жана 2010-жылдардагы кайгылуу окуялар). Албетте, ар бири пайда издеп жатат. Бирок 21-кылымда мындай түшүнүк бар — өз ара пайдалуу кызматташтык. Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жер кыргыз жери, ал эч качан башканыкы болгон эмес. Бир сантиметрди бербейбиз деп, миң гектарлап берип жатасыңар», — деп жазды ал.