Исхак Масалиев экс-президенттердин жолугушуусу боюнча: «Мен бирөөнө да ишенбейм»

Өткөн аптада Дубайда өткөн экс-президенттердин жана учурдагы президенттин жолугушуусунун талкуусу ушул күнгө чейин токтой элек. Эл ичинде жаралып жаткан бир топ суроолор менен депутаттарга кайрылдык.

Депутат Исхак Масалиев экс-президенттердин жолугушуусун ынтымакка кадам деп эсептебейт. «Өзүлөрүнүн ортосундагы чырды чечишүүгө жол ачылат. Негизи бийлик тынч алмашышы кажет. А бизде 31 жылда соо кеткен жетекчи жок. Аракет катары кароо зарыл. Мен кимге ишенүү керектигин билбейм. Мен бирөөнө да ишенбейм. Бакиев деле кааласа келе берет. Бирок кылмыш ишин, өкүмдү кароо кажет», — деди ал.