Исхак Масалиев министрге мамлекеттин сырларын коргоо керектигин айтты

Бүгүн, 12-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Санарип кодексинин долбоорун талкуулашты. Анда депутат Исхак Масалиев маалыматтык коопсуздук жана аны сактоого көңүл буруу керектигин санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаевага айтты.

«Кыргызстан эгемендүү мамлекет, сырларыбыз бар. Мамлекеттин сырлары, укук коргоо органдарынын жана банктардын сырлары дегендей. Ошондуктан аны сактоо, маалыматтык коопсуздук жагынан коргоого көңүл буруубуз керек. Аны кодексте да белгилөө керек», — деди депутат.