Исхак Масалиев: «Президент айрым генералдарга чара көрүшү керек»

Тажикстандын кол салуусунан 59 кыргыз жараны шейит кетти. Мындан улам депутаттарга «Бул окуядан улам бийликке койгон талабыңыз жана жардамыңыз эмне болот?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Исхак Масалиев коомдук уюм менен колунан келген жардамын берип жатышканын айтты. «Каражат, тамак-аш болобу жеткирип беребиз. Үй-бүлөм тарабынан да жардам болот. Бир аз убакыт өтсүн, куралдуу кол салуу коркунучу жоюлгандан кийин сөзсүз айрым генералдар билип туруп, ушуга даярдык көрбөгөнү үчүн президент чара көрүшү керек»,- деди ал.