Исхак Масалиев: «Президент казино боюнча мыйзамга кол койгондон баш тартышы керек»

Президент казино боюнча мыйзамга кол койгондон баш тартышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев айтып чыкты.

«Бул чын эле тарыхта калат. Тарыхта биринчи жолу Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүм башчысы Конституцияны чечмелеп, бизге түшүндүрүп берип жатат. Бул мыйзамга дал келбейт. Залда 90 депутат болсо, 80 депутаттын юридикалык билими бар. Ал жигиттен кем эмес. Анда ошону төргө отургузалы, чечмелей берсин», — деди ал.