Исхак Масалиев: «Отунбаевага да, Жээнбековго да экс деген макам туура эмес берилген»

Жогорку Кеңеште экс-президенттерди айрым артыкчылыктарынан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору кызуу талкуу жаратып жатат. Анын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу керек деген демилге көтөрүлүүдө. Буга башка депутаттар кандай карайт?

Депутат Исхак Масалиев учурда 2 президент болгон адамдын экс макамы бар экенин айтып, алар буга татыксыз деген оюн айтты. «Ал эки киши Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков. Бирөө убактылуу милдетин аткарган, экинчиси мөөнөтүнөн мурда кетти. Юрист катары мен экөөнө тең макам туура эмес берилген дейм. Бул мыйзам жалпы принципте бекитилет. Бул чыр туудура турган маселе. Бир гана Садыр Жапаровго тиешелүү болуп калат»,- деди ал.