Исхак Масалиев: «Сооронбай Жээнбеков экс-президент деген статуска татыктуу эмес»

«Сооронбай Жээнбеков экс-президент деген статуска татыктуу эмес». Мындай пикирин Жогорку Кеңештин 4 жолку депутаты, Кыргызстан коммунисттер партиясынын башчысы Исхак Масалиев «Супер ТВ» каналынын «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«900 миң эл аны 6 жылга шайлаган. Экс-президент деген статус президент 6 жыл жакшы иштеп, ызы-чуусу жок бийлигин өткөрүп бергенде, артынан кылмыш иштери болбосо гана боло турган нерсе. 3 жылда кетип калып, болгондо да аны Садыр Жапаров айтып жатпайбы, арты жакшылык болсун деп берип салдым деп, антип бериле турган бул статус сыйлык эмес. Учуру келет, бул сөзсүз көтөрүлө турган маселе»,- дейт экс-депутат.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.