5 жолу депутат болуп, төраганын добуштун жыйынтыгын бербейм дегенин биринчи жолу угуп жатам. Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде депутат Исхак Масалиев билдирди.
«Анан айла жоктон телефонго тартып, чыгарып койдум. Бул уят кылуучу кадам эмес. Курман айтта кесиптештерим жакшы сөздөрдү сүйлөп, тууган-уруктарына барып жакшы ниеттерин айтып жатты. Эң өкүнүчтүүсү алар «өткөрдүк» деп айтышты. Бирок мыйзамды бузуу жолу менен кабыл алынган мыйзам кынтыксыз болбойт. Же регламентти өзгөртүш керек болчу, же кайра эле добушка коюш керек эле. «Каршы» менен «макул» дегендердин саны туура келгенде анан болмок», — деди ал.












